«Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт»: Президент аялдарга карата зомбулук тууралуу үн каттыБыйыл 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолду. «Кыргызкөмүр» жыл жыйынтыгын чыгардыКМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталдыБыйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасады
Самара-Шымкент жолундагы кырсыкта бир кыргыз жараны каза болду
24.05.2024 | 09:54
22-майда Казакстандын Айтибий районунун Угайсын айылынын жанында Самара-Шымкент автожолунун 1013-чакырымында кыргызстандыктар бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кырсыкта 27 жаштагы 3 кыргыз жараны жабыркап, алардын бирөө, У.И.У. каза болду. Учурда анын сөөгүн Кыргызстанда жөнөтүү маселеси каралууда.
Азыркы учурда эки жаран ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын биринин абалы оор, экинчиси денесинен жеңил жаракат алган.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, жол кырсыгында автомобиль жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар