Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда жок кылынды
24.05.2024 | 10:10
Таласта аял менен анын уул-кызын өлтүрүүгө шектелип издөөгө алынган адам кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалым болгондой, шектүү тоо тарапта жашырынып жүрүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, атып өлтүрүлгөн.
Шектүү маркум аялдын кайнагасы болгон.
Эскерте кетсек, 24-майга караган түнү Таластын Ак-Башат айылында 27 жаштагы аял жана анын 4 жаштагы кызы менен 2 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Окуя жеринен милиция мылтык менен балта тапкан. Алар кылмыш куралы катары далил зат болуп алынган.
Шектүү делген 48 жаштагы Н.К. аттуу жаран издөөгө алынган. Ал буга чейин адам өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн соттолгону белгилүү.