Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Самара-Шымкент жолундагы кырсыкта бир кыргыз жараны каза болду
24.05.2024 | 09:54
22-майда Казакстандын Айтибий районунун Угайсын айылынын жанында Самара-Шымкент автожолунун 1013-чакырымында кыргызстандыктар бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кырсыкта 27 жаштагы 3 кыргыз жараны жабыркап, алардын бирөө, У.И.У. каза болду. Учурда анын сөөгүн Кыргызстанда жөнөтүү маселеси каралууда.
Азыркы учурда эки жаран ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын биринин абалы оор, экинчиси денесинен жеңил жаракат алган.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, жол кырсыгында автомобиль жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар