Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алындыБеш жылдык отчёт: Кыргызстандын экономикасынын «Ак илбирс секириги» модели түптөлдүКант шаарын беш жыл жетектеген мэр Улан Майлыбашев кызматын тапшырдыБишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттүКазакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза таптыКыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтарды
Сузакта мамлекеттик тууну ким өрттөгөнү айтылды
05.06.2024 | 10:12
Сузак районундагы 2 мектепте илинип турган тууну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү өрттөшкөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коопсуздук комитети райондун Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундарын, жакын туугандарды кармады.
Алар 2022-2023-жылдары экстремисттик топко кошулган.
УКМКнын маалыматында, кармалган 19 жаштагы А.К.М. аттуу кыз, “Хизбут-Тахрирдин” аялдар канатынын мүчөсү болгон жана ал январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген. Аны менен шериктеш болгон 45 жаштагы апасы жана агасы дагы кармалды. Алардын атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда Россияда иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом