Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Баткен бийлиги 90 жаштагы энеге үй куруп берет
07.06.2024 | 10:35
Баткендин 90 жаштагы тургуну, Абилова Ташбүбү апага үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Ташбүбү апанын туруктуу жашаган турак жайы жок, 53 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен кароосуз калган ар кандай эски үйлөрдө баш калкалап келген.
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси, каржылык колдоосу жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилеринин салымы менен ага үй курулуп баштады.
Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилди. Жергиликтүү бийлик Ташбүбү апаны 31-августка карата жаңы үйгө киргизмечки.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом