Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушу башталганын билдирди
08.06.2024 | 09:10
Президент Садыр Жапаров 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталганын билдирди.
Анын айтымында, бул шаарда электробустар жана электромобилдер гана каттайт.
«Ал жерде электр энергиясы күн жана шамал станциялары аркылуу берилет. Экологияга эч кандай зыяны болбойт», – деди президент.
Бул экошаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары мурда маалымдалган.
Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар