Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте жаран ур-токмоктон каза болду. Шектүү кармалды
10.06.2024 | 16:39
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
6-июнда “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон адам 44 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 37 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Милициянын маалымат боюнча, окуя болгон күнү шектүү менен маркум ичимдик ичип отуруп кайыма айтыша кетип, бири экинчисин сабап салган. Натыйжада алган жаракаттарынан улам 44 жаштагы жаран көз жумган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.