Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
Польшадагы мелдеш: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт (видео)
19.06.2024 | 18:05
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинин финалына чыкты.
Махмудов 77 кг салмакта күч сынашууда. Ал биринчи беттешинде украиналык Артур Политаевди 12:2, андан кийин алжирлик Элкрим Уакалини 9:1 жана үчүнчү кармашында колумбиялык Алексис Куэро Мунозду 12:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Белгилей кетсек, алжирлик жана колумбиялык балбандар Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиададагы атаандаштары болуп саналат.
Алтын үчүн кармашта Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.