Телевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты
U17: Эки өспүрүм балбан Азия чемпионатында коло утту
24.06.2024 | 09:00
Иорданияда 17 жашка чейинки (U17) балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдеш 22-июнда башталган.
Азия чемпионатынын алгачкы эки күнүндө грек-рим балбандары таймашты. Кыргызстандык спортчулардан 48 кг салмакта Ислам Темирбеков жана 55 кг салмакта Элдар Мырзакулов коло байге тагынды.
Бүгүн, 24-июнда Азия биринчилиги эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар менен уланат.

