Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Караколдо тургунду бир эле адамдар эки жолу тоноп кеткен. Шектүүлөр кармалды
26.06.2024 | 11:04
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тоноого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, июнь айынын ортосунда милицияга Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл 24-апрелде шаардагы сейил бакта Амаль жана Станислав аттуу чала тааныш эки жигит коркутуп, iPhone 13 телефонун тартып алган. Арадан эки ай өтүп-өтпөй ошол эле балдар аны коркутуп, бул ирет Redmi телефонун алып алган. Ага 75,5 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факттар боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 19 жаштагы А.А. жана Е.С. аттуу жарандарды кармады.
Соттун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганча эки айга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.