КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Кыргызстан Казакстандан келген 80 тонна уйдун майын артка жөнөттү
04.07.2024 | 10:35
“Ак-Тилек” чек ара өткөрү бекетинде 80 тонна уйдун майы кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 3-июль күнү Ветеринардык кызмат Казакстандан келе жаткан товарды токтотуп, анын тийиштүү кагаздары жок жана Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына жооп бербегендигин тактаган.
Уйдун майы артка кайтарылды.
Буга чейин дагы Казакстандан 20 тонна майды алып өтүүгө аракет кылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом