Абийир соту орномоюнча сот системасын тазалоо кыйын экен. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Өлкө башчысы сот тармагын жаңылоо үчүн каражат негизги маселе эмес экендигин баса белгиледи.
“2018-жылы соттук реформа кеңешинин жыйынында сот тармагын реформалоо үчүн эмне керек десем, алар “каражат анан саясий эрк керек” деген. Мына саясий эрк бар. 2019-жылы башка тармактарга каражат керек болуп турса да сот тармагына жумшап, алдыңкы технологиялар менен камсыздадык. Бирок байкоолор көрсөттү, абийир соту орномоюнча сот системасын тазалоо кыйын экен. Муну мен соттордун жыйынында да айтып жатам. Биринчи адамдык абийириңерди козгогула, ошондо гана сот системасы ийгиликке жетет”, — деди Жээнбеков.