Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Жээнбеков: Абийир соту орномоюнча сот системасын тазалоо кыйын экен
20.02.2020 | 10:33
Абийир соту орномоюнча сот системасын тазалоо кыйын экен. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Өлкө башчысы сот тармагын жаңылоо үчүн каражат негизги маселе эмес экендигин баса белгиледи.
“2018-жылы соттук реформа кеңешинин жыйынында сот тармагын реформалоо үчүн эмне керек десем, алар “каражат анан саясий эрк керек” деген. Мына саясий эрк бар. 2019-жылы башка тармактарга каражат керек болуп турса да сот тармагына жумшап, алдыңкы технологиялар менен камсыздадык. Бирок байкоолор көрсөттү, абийир соту орномоюнча сот системасын тазалоо кыйын экен. Муну мен соттордун жыйынында да айтып жатам. Биринчи адамдык абийириңерди козгогула, ошондо гана сот системасы ийгиликке жетет”, – деди Жээнбеков.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат