Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ошто жер семирткич чыгаруучу завод курулат
09.07.2024 | 20:00
Ош облусунда жер семирткич чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бүгүн Кытайдын Чжэндин шаарында өндүрүштүк курулушуна жабдууларды жөнөтүү аземи болуп өттү.
Курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 1000 ден 3000 чейин адам жумуш орду менен камсыз болот.
“Айрыкча заводго жакын жайгашкан айыл аймактарда 70-80 % жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат. Негизинен аммафос жер семирткичин чыгарат жана айыл чарба техникаларын даярдайт. Жер семирткич заводу курулса дыйкандарга бир топ женилдик болуп, өз убагында айыл чарба жерлерин азыктандырып, түшүмдүүлүк жогорулайт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика