Мэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) боюнча ченемдерди жаңылоону сунуштоодо. Жаңы тарифтердин долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилип, муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланды.
Долбоорго ылайык, суу менен камсыздоонун базалык тарифи бир кубометр үчүн 15,73 сомду, ал эми саркынды сууларды чыгаруу — 6,80 сомду түзүшү мүмкүн.
Керектөөчүлөрдүн эки негизги категориясын белгилөө сунушталууда. Биринчи категорияга жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар (калк) кирет.
Экинчи категорияга менчигинин түрүнө жана баланстык таандыктыгына карабастан башка керектөөчүлөр кирет. Ал төмөнкүдөй подкатегорияларга бөлүнөт: жеке жана юридикалык жактар (жеке ишкерлерди кошо алганда), ошондой эле сууну көп сарптаган абоненттер.
Подкатегориялар үчүн бирдиктүү тарифке карата жогорулатуучу коэффициенттер каралган: жеке жана юридикалык жактар үчүн — 2,1; сууну көп сарптаган абоненттер үчүн — 3.
Жаңы тарифтерди киргизүү боюнча акыркы чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.