Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Суусундук саткан 17 жаштагы кыздын өлүмү. Жалал-Абад мэриясынын кызматкерлери кармалды
16.07.2024 | 13:53
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору И.К.Б. жана инспектору А.Т.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар коррупцияга шектелүүдө. УКМКнын маалыматында, аткаминерлер муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришип, жарылуу болгон соода түйүнүн мыйзамсыз орнотушуна жол ачышкан.

Газдалган суусундук саткан павильондун ээси М.З.А. дагы камакка алынды.
Эскерте кетсек, 13-июль күнү шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу павильондо газ баллон жарылуу болуп, 5 адам ооруканага жеткирилип, 17 жаштагы сатуучу кыз каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар