Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде Түлөбердиев жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жаран баңгизаттарды жашыруун жерлерге катып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында 2007-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда андан пленкага оролгон баңгизаттар табылып, алынган. Кармалган жаран аларды «жашыруун коюу» жолу менен таратып жүргөнүн айткан.
Милиция баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет жана жарандарды мындай фактылар тууралуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.