«Элдик Банк» ААК, “В-“ деңгээлинде өзүнүн келечекке ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун тастыктоо менен, эл аралык Fitch Ratings агенттигинен узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин алган Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз мамлекеттик банкы болуп калды.
Кредиттик рейтинг – уюмдун кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалоо. Ал кардарга компаниянын канчалык ишенимдүү жана коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет. Бул рейтингди ыйгарууда уюмдун учурдагы финансылык абалы, капиталынын көлөмү гана эмес, тарых-таржымалы да эске алынат. Ошондой эле, компаниянын өнүгүү жаатындагы маалыматтарына да көңүл бурулат.
«Кредиттик рейтинг — Элдик Банктын бардык өзүнүн финансылык милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарып жатканын билдирет. Бул банктын эл аралык карыз жана үлүштүк капитал рыногуна жасалган биринчи кадамы” — деди башкарманын төрагасы Уланбек Ногаев.
«Ошол эле учурда, мамлекеттик финансыларды терең талдоо менен Кыргызстан Fitch Ratings агенттигинен эгемендүү кредиттик рейтингин алуу жолунда экенин белгилей кетүү керек. Өлкөнүн рейтингде өйдөгө көтөрүлүшү — Элдик Банктын кредиттик рейтингинин жогорулашын билдирет», — деп кошумчалады ал.
Агенттик биздин Банк таасирдүү брендге ээ жана корпоративдик жагынан да бекем экенин ырастады.
«Элдик Банк — системаны түзүүчү финансалык уюм жана анын юридикалык макамы өкмөт менен тыгыз байланышын тастыктап, депозиттердин өсүшүнө салым кошот. Банк корпоративдик кардарларга, ошондой эле чакан жана орто бизнеске багытталган, ошол эле учурда, чекене рынок сегментти да өнүктүрүүдө», — деп түшүндүрөт Fitch.
Мындан тышкары, бул рейтинг маалыматында банктын операциялык рентабелдүүлүгүнүн жогорку деңгээли, пайданын активге карата катышынын жогорулашы, ошондой эле депозиттик базанын 2021-жылдан тарта эки эсеге көбөйгөнү көрсөтүлөт.
Аталып кеткен Агенттик Банктын өтүмдүү (ликвиддүү) запасы дурус экенин белгилейт, бул тууралуу 2023-жылдын акырына карата кардарлардын кредиттеринин депозитке карата катышы 62% түзгөнүн көрсөтүп турат.
Fitch Ratings Inc.- рейтингдик агенттик катары америкалык белгилүү корпорация болуп саналат. Standard & Poor’s жана Moody’s менен катар эле ал «Чоң үчтүк» эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири.
КРУБ лиц. №033, 033/1