Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Алайдагы памирлик кыргыздар жаңы кесиптерди үйрөнүштү
20.07.2024 | 10:38
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Анын айтымында, аталган айылда 17 үй-бүлө жашайт.
«Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бир саан уй жана жылкы, 10 баш кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча 16 жашка чейинки 36 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алат. Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди, тактап айтканда 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту», – деди министрдин орун басары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар