Мугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп бердиКыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди он бир пайыз деңгээлинде сактадыДүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даярКыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайт
Алты айда жол кырсыгында 280 адам каза болду, анын 36сы балдар
25.07.2024 | 11:59
Кыргызстанда быйыл январь-июнь айларында 3 миң 59 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айлык чыгарылышында айтылат.
Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (43,9 пайыз), Чүй (20,3 пайыз) жана Ош облустарына (10,1 пайыз) туура келди.
Быйыл жол кырсыгына жабыркагандардын саны 1,1 пайызга (4464 адам), каза болгондор 4,1 пайызга (280 адам) өстү.
Балдар катышкан жол кырсыгы 5 пайызга кыскарган, анда 900ү ар кандай жаракат алып, 36сы көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом