Чолпон-Атада «Чолпон» кинотеатры оңдоодон кийин ачылдыӨтмөк ашуусунда жарыктандыруу жана туристтик рест-пойнт пайда болотБишкекте 44 таңгак гашиш менен 18 жаштагы баңгизат жашыруучу кармалдыАгартуу министрлиги ата-энелерди жеке менчик мектептердин лицензиясын текшерүүгө чакыратБекешев Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөрдү куруу планына сын айттыЧолпон-Атада Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолукту
Алты айда жол кырсыгында 280 адам каза болду, анын 36сы балдар
25.07.2024 | 11:59
Кыргызстанда быйыл январь-июнь айларында 3 миң 59 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айлык чыгарылышында айтылат.
Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (43,9 пайыз), Чүй (20,3 пайыз) жана Ош облустарына (10,1 пайыз) туура келди.
Быйыл жол кырсыгына жабыркагандардын саны 1,1 пайызга (4464 адам), каза болгондор 4,1 пайызга (280 адам) өстү.
Балдар катышкан жол кырсыгы 5 пайызга кыскарган, анда 900ү ар кандай жаракат алып, 36сы көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом