Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Салыкчы УКМК кызматкерине 1,5 млн сом пара берип жатканда кармалды (видео)
31.07.2024 | 15:37
Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, салыкчы Өзгөндө жайгашкан 0,80 гектар аянттагы ири объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана кылмыш ишин козгобоо үчүн коопсуздук кызматкерине 1,5 млн сом пара сунуштаган.
Ал УКМК кызматкерине 1,5 млн сом пара берип жатканда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилген объектти мамлекеттке кайтаруу иштери жүрүүдө.