10 млрд сомдук империя: «Аю» холдингинин объектилери мамлекетке өттүКыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү«Росатомдун» басма сөз кызматынын билдирүүсүТынчтык Шайназаров: Бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алатЖапаров: Кыргыз эли Катар жана Палестинанын боордош элдерге тилектештигин билдиретБишкекте айдоочу 5 жаштагы баланы унаанын арты менен сүзгөндөн кийин качып кеткен
Олимпиада: Эрлан Шеров беттеш учурунда ката кетиргенин айтты
31.07.2024 | 18:14
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагындагы мелдештин 1/8 финалындагы жеңилүүсү боюнча комментарий берди.
Шеров беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбекке учкай маек берип, кармаш учурунда ката кетирген айткан.
“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да Кудайдын буйругу”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Эрлан Шеров 1/8 финалда испаниялык Тристан Мосахлишвилиге жеңилген.
https://reporter.kg/olimpiada-erlan-sherov-1-8-finalda-zhenilyy-yzasyn-tartty-video/