Пайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жокБыйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөтТаш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалдыСалык кызматкерлери Швейцариянын SICPA ишканасына барып, тажрыйба алыштыБишкектин жаңы башкы планы: ар райондун өз борбору болотЫсык-Көл облусунда 140 млн долларлык экотехнологиялык завод курулат
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын коло байгесин утту (видео)
06.08.2024 | 23:48
Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Шаршенбеков 60 кг салмакта күч сынашты. Ал 5-августта, күрөштүн биринчи күнүндө килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде казакстандык Айдос Султангали 6:3 эсебинде жеңди.
Андан кийин чейрек финалда румыниялык Резван Арнаутту 9:0 эсебинде утту.
Финалга чыгуу үчүн япониялык Кеничиро Фумита менен кез келип, бирок 3:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Ошентип ал үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болду.
Коло үчүн беттеш 6-августта өтүп, Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен кез келди. Шаршенбеков ирандык атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Олимпиаданын коло байгесин утту.