7-августка карата аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Олимпиада: Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн ат салышат
06.08.2024 | 23:18
Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды.
97 кг салмакта күрөшкөн Жусупбеков бүгүн, 6-августта таймашка чыккан. 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде уткан. Ал эми чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиден 0:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.
Ирандык спортчу финалга өткөндүктөн Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.
Көңүл жубатуучу беттеште Жусупбеков америкалык Жозеф Рау менен таймашка түшөт. Эгер аны жеңсе, үчүнчү орун үчүн Мохамед Али Габр менен күрөшөт.