Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Олимпиада: Бүгүн үч кыргызстандык спортчу таймашка чыгат
08.08.2024 | 09:10
Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында үч кыргызстандык спортчу таймашка чыгат.
Биринчи болуп саат 15:00до грек-рим балбаны Амантур Исмаилов көңүл жубатуу беттеште күрөшөт. Анын атаандашы сербиялык Мате Немеш болот. Эгер бул кармашты жеңсе, Исмаилов коло үчүн күрөшөт.
Ошондой эле саат 15:30дан кийин эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) килемге чыгат. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында казакстандык Мейрамбек Картбай менен күч сынашат.
Андан тышкары боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) жарым финалдык беттешин өткөрөт. Ал болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен таймашка түшөт. Беттеш 9-августка караган түнү саат 01:20да башталат.