Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Бишкектеги тигүү цехинде чет элдиктер ур-токмокко кабылып, камалып отурган
08.08.2024 | 09:47
Бишкекте Кыргызстандын бир жараны жана эки чет элдик кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
1-августта милициянын “102” кызматына шаардагы кийим тигүүчү цехтеринин биринде чет элдик жарандар өз эркине каршы кармалып отурганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция айтылган жерге барып, Жибек Жолундагы тигүү цехинде чет өлкөлүктөр цехтин кожойкеси жана үч чет элдик тарабынан ур-токмокко кабылып, мажбурланып бир бөлмөдө камалып отурганы аныкталган.
Бул факт боюнча “уруп-сабап кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары Кыргызстандын 57 жаштагы Г.Р. аттуу жараны (аял киши), 24 жаштагы Х.М. жана 22 жаштагы А.Э. аттуу чет элдиктер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.