«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Видео: Топ бала сейил бакта иштеген жумушчуларды сабап кеткен. Шектүүлөр кармалды
09.08.2024 | 10:58
Чүйдүн Токмок шаарында бейбаштыкка шектелип 5 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Токмоктун милициясына 30 жаштагы жаран кайрылган. Ал билдиргендей, 3-августта таңкы саат бештерде шаардагы сейил бакта курулуш иштерин жүргүзүп жатканда белгисиз балдар келип, аны эч себепсиз сабап кеткен. Анын айынан ал ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында бул ишке шектүү катары 21 жаштагы Т.А., Х.И., 20 жаштагы К.С., Т.Б. жана А.А. аттуу балдар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, окуяга катышы бар башка адамдарды аныктоо иштерүү жүрүүдө.