Бишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейтКыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттү
Кыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратышты
14.10.2025 | 16:40

Кыргызстандык окуучулар жана студенттер финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиада байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 29-сентябрдан 3-октябрга чейин Орусиянын Красноярск шаарында өткөн. Ага 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучу келген.
Кыргызстандан Мамлекеттик башкаруу академиясынын, КУУнун, КМТУнун, БМУнун, КРСУнун, КЭУнун студенттери, ошондой эле төрт мектеп окуучусу катышкан.
Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык катышуучулар үч номинация боюнча байгелүү орундарды ээлешкен:
- Эл аралык мамилелер – Азим Жумаков;
- Экономикалык коопсуздук – Алиса Семенова;
- Маалыматтык коопсуздук – Дмитрий Кошевой.
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №1 мектептин окуучусу Руслан Байсалов КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунду ээлеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим