Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Президент: Кыргызстан ГЭС курууга инвестор издеп жатат
21.02.2020 | 11:35
Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна инвесторду тартуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Өлкө башчы азыркы учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга киргизүү жана Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
«Жакынкы убакта CASA-1000 электр чубалгыларын орнотуу боюнча иштер башталат. Бул долбоор биздин электр энергиясын экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү көбөйтөт»,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика