ФИФА Кыргызстан — Мьянма беттешинен шек санап жатат

ФИФА Кыргызстан — Мьянма беттешинен шек санап жатат

Эл аралык футбол ассоциациясы (FIFA), Мьянма менен Кыргызстан дын футбол боюнча  курама командаларынын оюну алдын ала келишилген деп шектенүүдө. Бул тууралуу Чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Эске салсак, 2019-жылдын 10 октябрында Кыргызстан курамасы Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган. Бул беттештен кийин Мьянма командасы машыктыруучусун алмаштырган.

“ФИФА бул боюнча иликтөө жүргүзгөн. Бирок биз азырынча анын жыцынтыгын ала эелкпиз”, — деген Мьянма футбол федерациясынын баш катчысы Ко Ко Тейн.

Ошондой эле ал Мянма мындай окуяларга чыдамдуулук менен мамиле кыларын, жана иликтөө  иштери менен такай кызматташарын белгилеп өткөн.

Казакстандын Футбол федерациясы Reporter.kg агенттигине берген түшүндүрмөсүндө, ФИФА алар менен байланышка чыкпаганын айтты.

“ФИФА Мьянмадан шектенүүдө, Кыргызстандын футбол федерациясынын эч кандай катышы жок”, — деп жооп беришти федерациядан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>