Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеев кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Анын ордуна Канат Табалдиев келди.
Белгилей кетсек, Темирболот Абыкеевди июнь айында УКМК кармап, кайра үй камагына чыгарылган. Айрым маалыматтарга караганда, ал район аймагындагы жайыт жерлерин мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө. Акимге каршы ага чейин «ОшТВ» каналынын журналисти арыз жазган.
Кара-Суунун акимин ажы тойдо видеого тарткан журналистке кол салуу болду