ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
Улуттук банк санарип сомду чыгарууну пландоодо
12.08.2024 | 12:40
Улуттук банк Кыргызтанда санарип сомду жүгүртүүгө чыгарууну пландоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстандын санарип түрүндөгү улуттук валютасы болмокчу. Ал кагаз акчадай эле кадимки төлөм каражаты болуп эсептелет.
Санарип сомду чыгаруу укугу же аны жүгүртүүдөн алууга Улуттук банк гана укуктуу болот. Бул санарип акча атайын аянтчага санарип түрдө чыгарылат.