Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда23-февраль: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргызстанда унааны кайра каттоодо ОСАГО алуу милдеттүү болуп калды
16.08.2024 | 12:21
Кыргызстанда машинаны кайра каттоодо унаанын милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) болушу керек. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан 9-августта кабыл алынганын “Акчабар” жазды.
ОСАГО унаа ээсине жол кырсыгы болгондо, чыгымдарды жабууга жардам берет. Эгер ОСАГОсу бар айдоочу жол кырсыгына күнөөлүү болуп чыкса, камсыздандыруу компаниясы жабыркагандардын унаасын оңдоого, дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп берет.
Белгилүү болгондой, 2025-жылдан тарта Кыргызстанда ОСАГО бардык айдоочулар үчүн милдеттүү болуп калат. Ал эми башка өлкөнүн жарандары үчүн бул норма 2023-жылдын апрель айынан бери иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом