Ошто 95 үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон алышты

17.08.2024 | 11:17

Ош шаарында «Социалдык келишим» программасынын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министр Жылдыз Полотова жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышты.

«Социалдык келишим программасы ишке ашырылып жаткан мезгилде өлкө боюнча 21 миңден ашык жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон жеке ишкерликти баштоо үчүн жардам берилди. Анын ичинен 8,5 миңи быйылкы жылдын башынан бери. Жыл аягына чейин дагы 14,5 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүп, жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат», – деди ал.

Ош шаарында 200 үй-бүлөгө бекитилген квотанын негизинде 100 миң сомдон 95 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды. Калган үй-бүлөлөр дагы тандоо процессинен өтүшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top