Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен аймактагы коопсуздукту чыңдоо маселесин талкуулады

Бүгүн, 17-апрелде, өлкө башчы Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алып, уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун бекемдөө маселесин талкуулады.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, жолугушууда ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланган.
Садыр Жапаров Кыргызстандын өкүлүнүн бул кызматка дайындалышын белгилеп, Таалатбек Масадыковго ишинде ийгилик каалаган. Ошондой эле ал 2025-жылы Кыргызстан уюмга төрагалык кылган мезгилде диалогду чыңдоого жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурулганын билдирген.
Мындан тышкары Садыр Жапаров учурда Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылып жатканына токтолуп, ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирген.
Өз кезегинде Таалатбек Масадыков 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берген. Ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн иштер жүргүзүлөрүн айткан.