Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
“Сабатсыздар ыргытканды, сабаттуулар алып кеткиле”. Президент тоодо таштанды терди
21.08.2024 | 13:45
Президент жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, табиятты булгабоого чакырды. Садыр Жапаров тоодо таштанды терип жүргөн видеосун Facebook баракчасына жүктөдү.
Ал эс алууга чыккан кезде экологияны таза кармап, акыр-чикирди шаарга алып барып, атайын жайларга салууга чакырды.
“Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры. Сабатсыздар таштаганды, сабаттуулар терип алып кеткиле”, – дейт өлкө башчысы.
Рубрики: Саясат