Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга арналган үйлөрдүн курулушу аяктады
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн 10 турак жайды пайдаланууга берүүнү пландоодо.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун тендердик баасы 82,9 млн сомду түзгөн.
Курулуш иштерин «Олимп и Ко» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Долбоор боюнча ар бир турак-жай эки үй-бүлөгө эсептелген, жалпысынан 10 үй курулат. Ар бир үйдүн жалпы аянты 180 чарчы метр, анын ичинде алты бөлмө болот.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 95%ы бүтүп, сырткы ажатканаларды куруу иштери уланууда.
[image_carousel source=”media: 213610,213611,213612,213613,213614″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз