«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салынды
Бишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?
18.04.2026 | 13:00
Бишкекте ичинде айдоочусу бар жеңил унаа жолдон чыгып, Чоң Чүй каналына (ЧЧК) түшүп кетти. Учурда окуянын себептери такталууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Осмонкул көчөсүндө болгон. Жарыяланган кадрлардан унаа дээрлик толугу менен сууга чөгүп кеткенин көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) Reporter.kg басылмасына билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Унаанын айдоочусу ичинен өз алдынча чыгууга үлгүргөн.
Учурда унааны каналдан чыгаруу маселеси каралып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар