Эркек киши Ташиев менен досмун деп, аялды 330 миң долларга алдап кеткенТесттик добуш берүү: жаңы система Россиянын 5 шаарында да текшерилүүдөКараколдо «Суу канал» ишканасынын жетекчиси кармалды«Мен – өзгөрүүдөмүн»: Бишкекте Кыздардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өттүМуфтият дин кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскерттиПутин AZAL учагы кабылган кырсык боюнча Ильхам Алиевге кеңири маалымат берди
Төрт кыз 15 жашар өспүрүмдү сойкулукка мажбурлоого шектелүүдө
29.08.2024 | 10:57
Ош шаарында 15 жаштагы өспүрүмдү бир ай сексуалдык кулчулукта кармоого шектелип төрт кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Аларга “Сойкулук кылууга тартуу” беренеси менен иш козголду.
Кармалгандардын эң уулусу 23 жаштагы К.М., андан кийин 21 жаштагы Э.Б. жана 20 жаштагы Ш.Н. Эң кичүүсү 18 курактагы М.М. аттуу кыз.
Аларга чейин кызды сабоого жана зордуктоого шектелип эки эркек киши кармалган.
Эскерте кетсек, 15 жаштагы өспүрүмдү каналдын боюнда чачын, кашын кырып, уруп-согуп, жылаңачтап видеого тартып, зордуктап, коркутуп, бир ай бою сексуалдык кулчулукта кармашкан.
https://reporter.kg/15-zhashar-kyzdy-sabap-zorduktagandar-karmaldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом