Тооктун жумурткасын импорттоого уруксат берилет

Тооктун жумурткасын импорттоого уруксат берилет

3-сентябрдан тарта тооктун жумурткасын импорттоого тыюу салуу алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматта учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даярдыгы айтылат.

«Бул калыбына келтирүүнү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун жогорулашын жана рыноктун муктаждыктарын импорттук жумурткалар менен бирдей канааттандырууга даярдыгын көрсөтөт», — дейт Минкаб.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жумуртка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>