Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Тооктун жумурткасын импорттоого уруксат берилет
30.08.2024 | 12:13
3-сентябрдан тарта тооктун жумурткасын импорттоого тыюу салуу алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматта учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даярдыгы айтылат.
“Бул калыбына келтирүүнү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун жогорулашын жана рыноктун муктаждыктарын импорттук жумурткалар менен бирдей канааттандырууга даярдыгын көрсөтөт”, – дейт Минкаб.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом