Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жорго салышта алтын менен коло утту

13.09.2024 | 16:20

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жорго салыш жарышында Кыргызстан 1 алтын менен 1 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жорголор 9 чакырымга жарышып, Чубак Жайлообек уулу Чиксон Лок аргымагы менен 1-орунду ээледи. Аттын ээси – Жаныбек Карыпбеков, саяпкери – Чубак Жайлообек уулу.

Ал эми 3-орунга Нурэл Иранов Императрица аргымагы  менен татыды. Аттын ээси – Өмүрбек Бабанов, саяпкери – Чубак Жайлообек уулу.

Мелдешке 18 чабандес катышты.

Курама команда машыктыруучулар Мирзат Шүгүралиев, Самаган Бейшеналиев, Уланды Султанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Scroll to Top