Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Бишкекте мэр автобустун айдоочулары менен жолугуп, жол эрежесин сактоону эскертти
25.09.2024 | 12:14
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы элди ташыган автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушууда мэр жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктар жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жатканын айтып, айдоочуларга жол эрежесин сактоо керектигин эскерткен.
«Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот?! Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо керек», – деген ал.
Карама-каршы тилкеге чыкканы, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши, кызыл жол чыракка токтобой өтүп кеткени жана башка одоно жол эреже бузуулар үчүн 30 айдоочу иштен алына турган болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом