Кыргызстандык самбочулар Арменияда өтө турган мелдешке катышат

25.09.2024 | 17:48

Кыргызстандык самбочулар Арменияда өтө турган эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 28-29-сентябрда Ереванда өтөт. Ага Кыргызстандан 3 спортчу барат.

Курама команданын тизмеси:

  • Белек Бараканов (64 кг);
  • Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
  • Бекболот Токтогонов (+98 кг).

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында катышат.

Scroll to Top