Бишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармадыБишкекте үч саатта жол эрежесин бузган айдоочуларга 465 миң сом айып салындыКыргызстан Африкага биринчи жолу элчи дайындадыЕЭК Россияга кыргызстандык жүк ташуучуларга чектөөлөрдү алып салууну өтүнүчү менен кайрылды
Кыргызстанда тамекинин баасын кымбаттатуу пландалууда
27.09.2024 | 18:11
Кыргызстанда 2025-жылдан баштап тамеки продукцияларынын минималдуу дүң-чекене баасын көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Тамекинин баасын көтөрүү менен бюджетке түшкөн акчаны көбөйтүү пландалууда. Ошондой эле чылымдын баасы кымбаттаса, жарандар азыраак тамеки чегип, ден соолугун бузбайт деп болжолдонууда.
Сунушталган баалар:
Тамеки (фильтры бар, фильтры жок) – кеминде 110 сом (азыр 100 сом)
Ысытма тамеки – кеминде 110 сом (азыр 100 сом)
Бир жолку чылым – кеминде 350 сом (азыр 300 сом)
Электрондук чылым – кеминде 1,5 миң сом (азыр 1,4 миң сом)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом