Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди
Ысык-Көлдө лыжа комплекси үчүн жер бөлүндү
28.09.2024 | 12:56
Министрлер Кабинети Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин трансформациялады.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Түп районундагы Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер» категориясына өзгөртүлдү.
Мындай чечим Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарынын аймагында лыжа комплексин куруу үчүн кабыл алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар