Бишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыкты
Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды
28.09.2024 | 11:43
Таласта кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Талас шаарында «А» аттуу адам баңги затын жасап, үйүндө сактап жүргөнүн аныкташкан.
Ал адамдын өздүгү такталып, ал Камчы Асанбек уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1988-жылы туулган Талас шаарынын тургуну Т.А. экендиги такталган.
Т.А.нын жашаган үйүн тинтүү учурунда 105 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты табылган.
Аталган факты боюнча Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарды сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар