Бишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалдыМуниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакырылганын айттыБыйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго онлайн кезек менен тапшыруудаПеруда жаштар нараазычылык акцияларына чыгып, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганы турат
Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келет
01.10.2024 | 10:58
Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШК Кылычбаевге депутаттык күбөлүк менен төш белгини тапшырган.
Алтынбек Кылычбаев №13 Сузак шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланды. Шайлоо 22-сентябрда өткөн.
Эскерте кетсек, аталган округ боюнча буга чейин Тазабек Икрамов депутат болгон. Ал 2021-жылы шайланып, быйыл июлда УКМКга бир нече жолу суракка баргандан кийин мандатын тапшырган.
https://reporter.kg/dagy-bir-deputat-zhkdan-ketti-bul-iret-tazabek-ikramov-mandatyn-tapshyrdy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом