«Аю» холдингинин бир имараты мамлекетке өттү

«Аю» холдингинин бир имараты мамлекетке өттү

Чүйдүн Сокулук районундагы «Аю» ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган комплекс «Аю» холдингинин карамагында болгон. Ал имаратта мурда бассейн бар болгон. Кийинчерээк 2010-жылы ал оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ден соолукту чыңдоочу комплекс болуп өзгөртүлгөн.

УКМК билдиргендей, «Аю» холдингинин негиздөөчүлөрү аталган объектти мамлекетке өз ыктыяры менен кайтарып берди. Анын аянты 2223,45 чарчы метрди түзөт. Ал эми баасы 267 млн 639 миң сомго жетет.

Атайын кызмат мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен ишканаларды, социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>